ЗАТАЕВИЧ АЛЕКСАНДР ВИКТОРОВИЧ ЖАНА КЫРГЫЗ ЭЛДИК ООЗЕКИ ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫ ЖАНА МУЗЫКАСЫ

  • Мээрим Курманбековна Көлбаева Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынынЧыӊгыз Айтматов атындагы Адабият институту
Ключові слова: Александр Викторович Затаевич; кыргыз элдик музыкасы; кыргыз элдик оозеки чыгармачылыгы; музыкалык фольклор; этномузыкология; элдик ырлар; аспаптык күүлөр; «Манас» эпосу; салттуу музыкалык маданият; маданий мурас

Анотація

Аталган макалада музыкант, этнограф Александр Затаевичтин кыргыз музыка таануу илимине кошкон салымы тууралуу талдоолор жүрөт. Анын «1000 песен Кыргызского народа» (1925), «250 кыиргизских пьес и напевов» (1934) жылы жарык көргөн эмгектеринде кыргыз күүлөрү жана ырлары топтоштурулган. А.Затаевич эӊ алгачкылардан болуп кыргыздардын аспаптык күүлөрүн, ырларын жазып алып, ноталык иштелмелери менен аталган эмгектерде жарыялайт. Илимпоз тарабынан жыйналган материалдарга анализ жасаганыб ызда «Манас», «Семетей» эпосунун жана да «Кожожаш», «Мендрман», «Гүлгаакы» сындуу кенже эпостордун жана элдик поэмаларынын обонун, Карамолдо, Мураталы күүчүлөрдүн аспаптык күүлөрүн, аты уламышка айланган Музооке, Кетбука, төкмө ырчылар Арстанбек , Токтогул, Боогачы, Актан ж.б. акындардын ырчы күүлөрүн жазып калтырып, ошол учурдагы кыргыз залкарларынын өздүк обондорун бүгүнкү күнгө жеткиргендиги менен баалуу экени белгиленет
Жарияланды:
2026-06-25
Як цитувати
Көлбаева, М. К. (2026). ЗАТАЕВИЧ АЛЕКСАНДР ВИКТОРОВИЧ ЖАНА КЫРГЫЗ ЭЛДИК ООЗЕКИ ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫ ЖАНА МУЗЫКАСЫ. БҚУ хабаршысы, 102(2), 597. https://doi.org/10.37238/2960-1371.2960-138X.2026.102(2).54
Бөлім
Өнертану